super.kg logo
  Саясат  

Ош. "Ата-энелер майып балдары менен көчөгө чыкканда да кыйналышат"

 

Бүгүн, 6-декабрда Ош шаарындагы “Нурзаман”, “Эне мээрими”, “Кол табы”, “Интеграция” жана башка бир нече ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга жардам берип келген коомдук фонддун өкүлдөрү жыйын өткөрүштү. Анда майып балдарды тарбиялап жаткан 1000дей энеге жардам берүүсүн өтүнүп Жогорку Кеңешке кайрылуу жөнөтүштү. 

 “Мен эки дипломдун ээсимин, бир артыкчылык дипломум бар. Мурда банкта иштегем. Кийин декреттик эс алууга чыгып, бала менен үйдө отуруп калдым. Балам 5 жашта. Бирөөнүн жардамысыз баса албайт, апам гана жардам берет. Ата-энелердин баары эле баласын интернатка бере бербейт. Балдардын келечеги биз үчүн туман”,- дейт майып баланын энеси Небога Мария.

 “Ошондой эле ата-энелердин балдарды кароодогу эмгеги көз жаздымда калып жатат. Ушуга өкмөт көңүл бөлсө. Эң эле жөнөкөй коомдук жайларда, мекеме-ишканаларда майыптар үчүн атайын жолчолор жок. Ата-энелер бир гана үйдө эмес, майып балдары менен көчөгө чыкканда да кыйналышат”,- дейт “Семья каждому” коомдук фондунун өкүлү Зайнап Эшмуратова.

 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: