super.kg logo

Нуржигит Кадырбеков актёр Чыңгыз Мамаевди үй камагына чыгаруу керектигин айтты

 

Бүгүн, 6-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Нуржигит Кадырбеков зордуктоого шектелип кармалган актёр Чыңгыз Мамаев боюнча маселени көтөрдү.

Депутат актёрду үй камагына чыгаруу керектигин белгиледи.

"Маданият кызматкерлеринин ар биринин тагдыры менин жүрөгүмдө. Кыргызстандын белгилүү актёру бар, эмгек сиңирген артист. Азыр көптөн бери камакта отурат, Чыңгыз Мамаев деген. Убагында туура эмес иш кылды деп бир чет элдик жаран айым арыз жазган. Бирок ошол арызы сотко жеткенчекти өзү Кыргызстандан чыгып кетиптир. 8 айдан бери бул жигит түрмөдө отурат. Үй-бүлөсү абдан кыйналып жатат.

Бирок эмнегедир ошол арыз жазган айым соттук-биологиялык экспертизадан өтүүдөн баш тартыптыр. Ошого жок дегенде үй камагына чыгарып берсеңиздер. Ал моюнуна алган жок. Ошон үчүн үй камагына чыгарып, андан кийин ишти уласаңыздар. Ушул ишти адилет карап беришсинчи. Кантсе да кыргыздын бир бычакка сап уулу, менин дагы ишенгим келбей жатат", - деди Кадырбеков.






Депутат Нуржигит Кадырбеков актер Чыңгыз Мамаевди үй камагына чыгаруу керектигин айтты

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: