“Менчиктештирилип кеткен бала бакчаларды кайтарып алууда өкмөт эч нерсе жасабай жатат”,- дейт депутат Маматалиев
Бүгүн, 6-декабрда “Ар намыс” фракциясынын жыйынында депутат Абдрахман Маматалиев менчиктештирилип кеткен бала бакчаларды кайтарып алууга өкмөт аракет кылбай жатканын айтты.
Билим берүү жана илим министринин орун басары Догдуркүл Кендирбаева бул маселе боюнча комиссия түзүлүп, иш жүрүп жатканын билдирди. “Иш жүрүп эле жатат. Жакында 10 бала бакча кайтарылат. Чек арачылар жана укук коргоо органдары жайгашкан имараттар боюнча маселе оор”,- деди ал.
Депутат иш жүрүп жатканы сөз жүзүндө гана калып жатканын кошумчалады.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:51
2025-07-07

17:54
2025-07-07

16:28
2025-07-04
10:40
2025-07-03
Рейтинг:
0

