Таиландда мурдагы полиция кызматкери кеминде 32 адамды атып өлтүрдү




Таиланддын түндүк-чыгышындагы Нонгбуаламфу провинциясында мурдагы полиция кызматкери балдарды эрте өнүктүрүү борборунда ок чыгарды. Анын кесепетинен кеминде 24 бала жана 8 чоң киши каза болгонун Thai PBS басылмасы бейшемби күнү билдирди.
Маалым болгондой отставкадагы сержант Паня Хамрап бир жыл мурун кызматтан бошотулган.
Анын мас абалында болушу мүмкүн экени айтылууда. Ал жүк ташуучу унаасы менен окуя болгон жерден качып кеткен.
Хамрап издөөдө жүргөндөрдүн тизмесине киргизилген. Акыркы маалыматтарга караганда, анын унаасы үйүнүн жанындагы унаа токтотуучу жайдан табылган. Бирок үй бош экени белгилүү болду.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:35
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.