super.kg logo
  Спорт  

Сүйүнчү! Кыргызстандык Дархан Эргешов жиу-житсу боюнча Азия чемпиону болду

 

Кыргызстандык балбан Дархан Эргешов жиу-житсу боюнча Азия чемпиону болду. Бул тууралуу спортчу өзүнүн Инстаграм баракчасында билдирген.

"Колдооңуздарга чоң рахмат! Желбиресин кыргызымдын желеги. Ушул жеңишимди Баткенде шейит кеткен бардык офицерлерге, жоокерлерге жана жалпы Баткен элине арнайм", - деп жазган спортчу.

Маалым болгондой, жиу-житсу боюнча Азия чемпионаты 2-3-октябрь күндөрү Бириккен Араб Эмираттарында өткөн. Анда кыргызстандык балбан көк кур категориясында 77 килограммга чейинки салмакта күрөшкөн.

Кыргыз балбаны алгач кувейттик, анголалык, ооганстандык жана сальвадордук атаандаштарын жеңип, финалга чыккан. Чечүүчү беттеште ирактык Ахмед Аланини 2:0 эсебинде жеңип, Азия чемпиону болду.

Абу-Даби шаарында өткөн Азия чемпионатына 15тен ашык өлкөдөн спортчулар катышкан. Кыргызстандан жалгыз спортчу - Дархан Эргешов катталган.

Дархан Эргешов 29 жашта. Ал таймаштын аралаш түрлөрү (ММА) боюнча да мелдештерге катышып келет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: