super.kg logo

Чүйдө жер тилкесин мыйзамсыз сатуу фактысы аныкталды

 

Чүй облусунун Жайыл районунда жер тилкесин мыйзамсыз сатып жиберген айыл өкмөт башчы кылмыш жоопкерчилигине тартылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан кабарланды.

Маалыматка ылайык, Чүй облусунун Жайыл райондук прокуратурасы тарабынан Талды-Булак айыл өкмөтүндө жер мыйзамдарынын аткарылышы боюнча текшерүү жүргүзүлгөн.

Анын жүрүшүндө Талды-Булак айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы А.А. кызматтык абалынан пайдаланып, мыйзам талаптарын бузуу менен Т.К. аттуу жаранга 1,29 гектар жер тилкесин аукцион аркылуу арзандатылган баада, тагыраагы 326 миң 370 сомго сатып жибергендиги аныкталган.

«НЦН» бейөкмөт экспертиза уюмунун корутундусуна ылайык, сатуу учурунда аталган жер тилкесинин баасы 3 миллион 503 миң 521 сомду түзгөн. Мындан улам мамлекетке 3 миллион 177 миң 151 сомдук ири өлчөмдөгү зыян келтирилген.

Бул факты боюнча райондук прокуратура тарабынан кылмыш иши козголуп, тергөөнүн жыйынтыгы менен Талды-Булак айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы А.А.га айыбы угузулган.

Мындан сырткары, аталган жер тилкесин мамлекетке кайтаруу максатында прокуратура тарабынан сотко доо арыз келтирилип, толук канааттандырылган жана жер тилке муниципалитеттин балансына кабыл алынган.

Бүгүнкү күндө аталган жер тилкесинин базар баасы 10 миллион 455 миң 600 сомду түзөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: