super.kg logo

"Өз аялын бычактап...". Ошто кайнатасынын үйүндө эркек киши 24 жаштагы жубайын бычактап салды

 

Ош шаарында 24 жаштагы келин өлтүрүлдү. Окуя калаанын Шейит-Дөбө аймагында 4-октябрь күнү болгон. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалымдалгандай, кылмышка каза болгон жарандын күйөөсү шектелүүдө. Анткени буга чейин жубайлардын ортосунда пикир келишпестиктер болгон. Мунун айынан экөө чогуу жашабай, келин ата-энесинин үйүндө жашап жаткан.

"Каза болгон келин ата-энесинин үйүндө бычакталган. Күйөөсү кайнатасынын үйүнө барган учурда кезектеги пикир келишпестик орун алган. Анын натыйжасында жубайына бир канча ирет бычак менен сайып жиберген. Келин окуя болгон жерде каза болгон", - деп билдиришти милициядан.

Жубайлардын ортосунда эки баласы болгон.

Бул кылмыш боюнча шектүүнүн аты-жөнү аныкталган. Издөө иштери жүрүп жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: