super.kg logo

Алматыдагы баш аламандык: Кримтөбөл Арман Жумагелдиевге жаңы айыптар тагылды

 

"Дикий Арман" деген каймана ат менен белгилүү казакстандык кримтөбөл Арман Жумагелдиевге жаңы айыптар тагылганын Казакстандын Башкы прокуратурасы билдиргенин казак басылмалары жазышты.

Маалыматка ылайык, шектүүнүн иш-аракеттери кошумча квалификацияланган кылмыш белгилери боюнча айып тагылган.

"Зордук-зомбулук, өрт коюу, жок кылуу, мүлктү жок кылуу, ок атуучу куралдарды, жардыргыч заттарды же жардыргыч түзүлүштөрдү колдонуу менен коштолгон массалык баш аламандыктарды уюштуруу, ошондой эле бийлик өкүлүнө куралдуу каршылык көрсөтүү, массалык баш аламандыктарга катышуу;

Уюшкан топту же кылмыштуу уюмду түзүү, ошондой эле аны же кылмыштуу уюмдун түзүмдүк бөлүмүн башкаруу;

Ок атуучу куралды, анын негизги (компоненттик) бөлүктөрүн, ок-дарыларды, жардыргыч заттарды же жардыргыч түзүлүштөрдү уурдоо же опузалап алуу, кылмыштуу топ тарабынан өмүргө же ден соолукка коркунучтуу зомбулук көрсөтүү же ушундай зомбулук көрсөтөм деп коркутуу;

Кылмыштуу топ тарабынан ок атуучу куралдарды (жылмакай саптуу аңчылык куралдарынан тышкары), ок-дарыларды, жардыргыч заттарды же жардыргыч түзүлүштөрдү мыйзамсыз алуу, берүү, сатуу, сактоо, ташуу же алып жүрүү;

Кылмыштуу топ тарабынан жасалган мыйзамсыз эркинен ажыратуу, байкабастыктан жабырлануучунун өлүмүнө же башка оор кесепеттерге алып келген аракет" беренелери боюнча айып тагылды", - деп жазылат маалыматта.

Эскерте кетсек, Арман Жумагелдиев январь айында Казакстанда орун алган массалык баш аламандыкта кармалган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: