super.kg logo

Баткенде уурулук кылып жүргөн эки өспүрүм кармалды

 

Баткенде уурулук кылып жүргөн эки өспүрүм кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБден билдиришти.

Маалымдалгандай, ушул жылдын 30-сентябрь күнү Баткен шаарынын Сайдиман ажы жана Мурат Салихов көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан дүкөндөн белгисиз адамдар тарабынан 2 велосипед уурдалганын билдирип, дүкөн ээси арыз менен кайрылган.

Ошондой эле ушул эле түнү Баткен шаарынын Нургазыев көчөсүндө жайгашкан “Асылбек” соода борборундагы 5 дүкөндүн эшиктерин бузуп кирип ичиндеги акчаларды уурдап, жалпысынан 80 миң сомдон ашуун чыгым келтирген.

Бул фактылар каттоого алынып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Анын алкагында Баткен шаарындагы борбордук базарындагы дүкөндөрдөн буюм уурдап жаткан жеринен Лейлек районунун Өзгөрүш айылынын жана Чүйдүн Кара-Балта шаарынын тургуну аныкталып, далил буюмдары менен кармалып, тергөө кызматына өткөрүп берилди.

Азыркы күндө тергөө иштери жүрүп жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: