super.kg logo

Караколдо милиция тарабынан сабалды делген аял: Тиешелүү мекеме маалымат берди

 

Кечээ, 7-октябрь күнү укук коргоочу Камил Рузиев Твиттер баракчасына Е.К. аттуу Каракол шаарынын тургуну милиция кызматкерлери тарабынан сабалып, ооруканага жаткырылганын жазып чыккан.

Ал эми Ысык-Көл ОИИБи SUPER.KG порталына аталган окуя боюнча төмөнкүлөрдү билдирди.

"6-октябрь күнү саат 22:00 чамасында милицияга Каракол шаарынын 34 жаштагы тургуну О.Э.ден телефон чалуу түшкөн. Анда анын кафесинде белгисиз аял ага карата уят сөздөрдү айтып, жаңжал чыгарганын айткан.

Аталган факты Каракол ШИИБинин электрондук маалымат журналына катталган.

Окуя болгон жерге милиция кызматкерлери барып, жаңжал чыгарган 34 жаштагы Е.К. мас абалында болгондугун аныкташкан. Эки тараптан көрсөтмө алуу үчүн арыз ээси жана Е.К. тергөө кызматына жеткирилген", - деп жазылат маалыматта.

Маалымдалгандай, көрсөтмө берүү учурунда экөө кайрадан уруша кетишип, милиция кызматкерлери аларды эки башка бөлмөгө жайгаштырган.

"Бирок аял сөгүнгөнүн улантып, столдун үстүндө турган милициянын Айфон Х-R телефонун жерге чаап жиберген. Мындан улам телефондун экраны иштебей калган. Бул факты да Каракол ШИИБинин электрондук маалымат журналына катталган. Процедуралардан кийин Е.К ата-энесинин коштоосунда үйүнө чыгарылган. Милиция кызматкерлеринин бардык аракеттери видеого тартылып алынган, анда кол салуу фактысы жок.

Эртеси, 7-октябрда Каракол ШИИБине облустук ооруканадан Е.К. аттуу жаран денесинен жаракат алып түшкөнү маалымдалган. Ошол эле күнү ал милиция кызматкерлери тарабынан сабалганын айтып, прокуратурага арыз жазган.

Учурда аталган факты Каракол шаардык прокуратурасында каралууда", - деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: