super.kg logo
  Саясат  

Алмазбек Атамбаев "Манас” эпосунун ЮНЕСКОнун тизмесине кириши менен кыргызстандыктарды куттуктады

 

Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 6-декабрда "Манас” эпосунун ЮНЕСКОнун тизмесине кириши менен кыргызстандыктарды куттуктады.  

Кайрылуунун тексти төмөндөгүдөй:

“Урматтуу мекендештер, ардактуу кыргызстандыктар!

ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурасты коргоо боюнча өкмөттөр аралык комитетинин 8-отурумунун чечими боюнча кыргыздын эпикалык трилогиясы "Манас. Семетей. Сейтек" адамзаттын материалдык эмес маданий мурастарынын шедеврлеринин атайын тизмесине киргизилгендиги баарыбызды абдан кубандырды.

Бул эгемендик жылдарындагы Кыргызстандын маданий жана коомдук турмушундагы өзгөчө маанилүү окуя.

Дүйнөлүк коомчулук ата-бабаларыбыз көчмөн турмушта, согуш алааматтарынын катаал шарттарында жалпы адамзаттын маданиятынын  дөөлөтүн азыркы заманга чейин сактап жеткирген эпикалык мурастын нукура маанисин тааныды. Байыркы бабаларыбыз адамзат маданиятынын дүйнөлүк кенчине татыктуу салымын кошту. Кыргыз эли өзүнүн байыркы руханий байлыгы менен сыймыктанса болот.

"Манас" эпосу татаал жолду басып өткөн кыргыз элинин байыркы турмушунун, салт-санаасынын жана маданиятынын энциклопедиясы. Эпос кыргыз элинин эркиндик жана эгемендик үчүн күрөшүн, майтарылбас эркин, салт-санаасын, дөөлөттөрүн таасын чагылдырып турат.

Кыргызстан өнүгүүнүн жаңы жолуна кадам шилтеди. Парламенттик демократияны калыптандырып, укуктук мамлекет курууга умтулууда. Жалпы кыргыз элинин тагдырындагы бурулуш учурунда "Манас" эпосунун ЮНЕСКОнун адамзаттын маданий мурастарынын щедеврлеринин атайын тизмесине киргизилгендиги абдан жакшы жөрөлгө, жакшы жышаан.

Биз, азыркы муундун өкүлдөрү, ата-бабаларыбыздын сыймыгына татыктуу болушубуз керек. Манас атабыздын башкы осуятын - көп улуттуу Кыргызстандын биримдигин жана ынтымагын көздүн карегиндей сактап калууга милдеттүүбүз! Мамлекеттүүлүгүбүздү сактап калууга милдеттүүбүз! Күчтүү, көз карандысыз, гүлдөп өнүккөн мамлекет курууга милдеттүүбүз!”






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: