"Барселона" клубу Мессинин айкелин тургузат
Каталондук "Барселона" футболдук клубунун президенти Жоан Лапорта аргентиналык чабуулчу Лионель Мессинин айкелин тургузуу ниетин билдирди. Бул тууралуу чет элдик спорттук басылмалар жазышты.
"Биз Мессинин айкелин "Камп Ноу" стадионунун сыртына тургузабыз деген чечим кабыл алдык" деген Жоан Лапорта.
Буга чейин маалым болгондой, "Барселона" клубу Мессинин клубга кайтып келүүсүн карап жатат.
Белгилей кетсек, Месси 2021-жылдан бери ПСЖ клубунда ойноп келет. Анын келишими 2023-жылга чейин түзүлгөн.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.