super.kg logo

Кыргыз-орус бизнес форумунда 500 миллион долларлык документтерге кол коюлду

 

Кыргыз-орус инвестициялык форумунда эки өлкөнүн ишкерлери жалпы суммасы 500 миллион доллар турган биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу тууралуу 20 документке кол коюшту. Бул тууралуу Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун басма сөз кызматынан билдиришти.

Форум 7-8-октябрда Ош шаарында өттү. Кол коюлган документтердин арасында ишке ашырылып жаткан долбоорлор дагы бар.

“Сөз газобетон заводунун курулушу боюнча эң ири долбоор жана Баткен районундагы эки социалдык долбоор тууралуу болуп жатат. Ошондой эле келечекте Ысык-Көлдө беш жылдыздуу мейманкана куруу боюнча 50 миллион долларлык келишим иштелип чыгат. Келерки жылы аны практикалык ишке ашырууга кирише алабыз деп ишенебиз. Ошондой эле күн станцияларын куруу, темир жолго сапаттуу орусиялык жабдууларды, Ош шаарынын мэриясы үчүн жүргүнчүлөрдү ташуучу автобустарды алып келүү боюнча келишимдерге кол коюлду”, - деди аталган фонддун өнүктүрүү башкармалыгынын төрагасы Артём Новиков.

Ал эки өлкөнүн ишкерлеринин өз ара аракеттенүүсү 2021-жылы активдешкенин белгиледи. Бул аралыктар Ысык-Көлдө бизнес-форум өтүп, орусиялык компаниялардын бизнес өкүлдөрү эки ирет Кыргызстанга келип кетти.

“Өткөн иш-чараларда орусиялык ишкерлер биздин рынокко баам салышты. Бүгүн биз биринчи Кыргыз-орус инвестициялык форумун өткөрдүк, анда мурунку мезгилдерде талкууланган жана алдын ала айтылган идеялар жана ниеттер практикалык жыйынтыкка ээ болду”, - деди Новиков.

Ал кошумчалагандай, Ош шаарында өткөн инвестициялык форум эки өлкөнүн бизнес өкүлдөрүнө кызматташуунун бардык аспектилерин карап чыгууга, алака түзүүгө мүмкүнчүлүк түздү, бул жаңы инвестициялык келишимдерге жана биргелешкен бизнес долбоорлорго кол коюуга толук негиз берет.

Мындан тышкары ал 2021-жылдан тарта эки өлкөнүн бизнесинин өз ара аракеттенүүсүн жакшыртуу боюнча иштер жанданганын белгиледи. Бул убакыттын ичинде Ысык-Көлдө бизнес-форум, орусиялык компаниялардын эки бизнес-миссиясы болуп өттү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: