super.kg logo

Мирлан Самыйкожо: "Президенттин үстүндө дагы президент барбы?"

 

Бүгүн, 10-октябрда Жогорку Кеңештин Эл аралык байланыштар, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында кыргыз-өзбек чек арасындагы делимитация маселеси каралууда.

Анда эл өкүлү Мирлан Самыйкожо жыйынга катышкандарга аудио, видео жаздыруучу жабдыктарды жана уюлдук телефон алып кирүүгө тыюу салынуусуна каршылыгын билдирди.

"Эмне үчүн чектөө болуп жатат? Мыйзам бийикпи же буйрукпу? Үч депутат бир сааттан бери кире албай жатат. Конституцияда Жогорку Кеңештин депутаты тинтүүгө алынууга мүмкүн эмес деп жазылып турат. Бул эмне деген сыйлабастык, парламенттин үстүнөн басмырлоо? Мындай болбошу керек. Башмыйзам менен жашайбызбы же буйрук менен жашайбызбы? Өлкө башчы ачык өтсүн деп буйрук берген же эмне президенттин үстүндө дагы президент барбы?", - деди Самыйкожо.

Белгилей кетсек, жыйынга телефон менен кирүүгө тыюу салынган.

Буга чейин президент Садыр Жапаров маегинде: "Жогорку Кеңештин комитетинде жабык эмес, ачык карагыла жалпы эл көрсүн, билсин" деп буйрук бердим. Көргөндөн кийин жалпы эл бизге алкыш айтып, бата гана берерине толук ишенем", - деп айткан.






Мирлан Самыйкожо: "Президенттин үстүндө дагы президент барбы?"

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
10.10.2022. 17:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аферистке да ишенесинби? 2 дос айта берет, кайра эле катындан бетер созунон кайта берет.......
11.10.2022. 11:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушинтип эле мыйзамга такап иштеп калсанарго. Озунордун жумушунар болгондо мыйзамды требовать эткенди аябай жакшы билет экенсинер Жок мыйзамды, Кыргызстанда иштебеген, акыркы орунда турган мыйзамды
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: