super.kg logo

Борбор калаанын акимиаттары Курултайга даярдык көрүүдө

 

Бишкек шаарынын акимиаттары Курултайга даярдык көрүп жатат. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, даярдык иштери президенттин 2022-жылдын 15-августундагы №284 "Элдик Курултайды чакыруу жөнүндө" жарлыгынын, ошондой эле Бишкек шаардык кеңешинин 15-сентябрдагы №44 "Кыргыз Республикасынын президентинин жарлыгын ишке ашыруу жөнүндө" токтомунун алкагында жүргүзүлүүдө.

"Иш-чаралардын планы түзүлүп, Курултайга делегаттарды көрсөтүү боюнча жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн чогулуштарынын жана жыйындарынын графиги бекитилди. Белгилей кетсек, биринчи Элдик Курултайды өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин экинчи жыйынында иш-чаранын датасы 2022-жылдын 5-ноябрына белгилөө чечими кабыл алынган, ага байланыштуу жергиликтүү курултайлар республиканын аймактарында, ошондой эле Бишкек жана Ош шаарларында өтөт.

Ал эки этапта өтүшү керек: адегенде жергиликтүү курултай чакырылып, делегаттар шайланат, андан кийин ыйгарым укуктуу делегаттардын катышуусунда Элдик курултай өткөрүлөт. Жергиликтүү курултайга делегаттарды шайлоону уюштурууну жергиликтүү кеңештер чечет, алар кезексиз сессиянын чечими менен биринчи Элдик курултайга катышуу үчүн делегаттарды шайлоо үчүн жергиликтүү курултайды чакырышат. Жергиликтүү курултайга делегаттар айылдын же шаардын тургундарынын санына жараша шайланат", - деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: