super.kg logo

"Касап" каймана аттуу уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

 

Ошто "Касап" каймана аты менен таанылган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалымдалгандай, 6-октябрь күнү Ош облусунун тургуну арыз менен кайрылып, анда Ош шаарынын Ленин көчөсүндө орун алган кафеде отурган жеринен ага бейтааныш жаран эч себепсиз бычак такап, аны уруп кеткендигин билдирген.

Бул факты боюнча териштирүү иштери жүргүзүлүп, криминалдык чөйрөдө “Касап” деген каймана ат менен таанылган Кара-Суу районунун тургуну, 1995-жылы туулган Т.Б. аттуу жаран экендиги такталган.

Шектүү тергөөдөн изин жашырып, белгисиз жакта жашырынып жүргөн. Ал Ош шаарынын аймагындагы түнкү эс алуу клубдарынын биринде эс алып жаткан жеринен кармалган.

Шектүүгө кароо жүргүзгөн учурда жанынан бычак жана жасалма 100 доллар алынып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Ал 2020-жылдан баштап Ички иштер министрлигинин атайын тизмесинде уюшкан кылмыштуу топтүн мүчөсү катары каттоодо турат.






Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: