Бажы кызматкерлери iPhone смартфондорун мыйзамсыз алып кирүү фактысына бөгөт коюшту
Кыргыз жана Орус жарандары баасы 3 миллиондон ашык сомду түзгөн акыркы үлгүдөгү Iphone уюлдук телефондорду өлкөгө мыйзамсыз ташып киргенге аракет кылып жаткан жеринен кармалышты. Бул тууралуу Бажы кызматынан маалымдашты.
Маалыматка ылайык, Түштүк-Батыш бажысынын кызматкерлери "Достук" алдын ала бажы жол-жоболоштуруу жайында Кыргыз жараны Н.Ж. жана Орусиянын жараны Т.Г.Х. Айфон 14 Pro үлгүсүндөгү 14 даана жана Айфон 14 Pro Max үлгүсүндөгү 10 даана уюлдук телефондорун өлкөгө алып кирип жатканда, эч кандай товар коштоочу документтери жок болгондугун аныктаган. Кармалган товардын жалпы орточо базар баасы 3 061 770 сомду түзөт.
Чогултулган материалдар Ош облусунун прокуратурасына кароо жана чечим чыгаруу үчүн өткөрүлүп берилгендиги айтылат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:54
2025-06-27

10:13
2025-06-27

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.