Тажикстанда кыргыз-тажик чек арасы боюнча комиссиянын жолугушуусу өтүүдө
Кыргызстандын делегациясы чек ара маселелери боюнча сүйлөшүү үчүн Тажикстанга кетти. Бул тууралуу УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев10-октябрда Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде билдирди.Анын айтымында, кыргыз-тажик чек арасын тактоо боюнча мамлекеттик комиссиялардын жыйыны10-октябрга белгиленген.
"Комиссия ал жакта төрт күн болот, сүйлөшүүнүн жыйынтыгын көрөбүз. Мен да чакырылгам, бирок мен бул жакка келдим", - деди Ташиев.
Делегацияны министрлер кабинетинин чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү Назирбек Бөрүбаев жетектеп, Душанбеге учуп кетишкени маалым болду.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:54
2025-11-26
11:08
2025-11-26
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















