Кыргыз мушкери Самат Абдырахманов Жозе Альдо менен беттешиши мүмкүн
Орусиянын "Hardcore" уюму UFC'нин экс-чемпиону, бразилиялык мушкер Жозе Альдо менен "Hardcore" уюмунун жеңил салмактагы чемпиону, кыргызстандык Самат Абдырахмановдун беттешин өткөрүүнү пландоодо.
Уюмдун жетекчиси Анатолий Суляновдун айтымында, Альдо үчүн келишим буга чейин даярдалган. Келишим жакында бразилиялык мушкерге берилет.
Өз кезегинде кыргыз мушкери Самат Абдырахманов бул боюнча билдирүү жасап, Жозе Альдону Орусияда күтөөрүн билдирди.
"Жозе, мен сени Орусиядан күтөм! Декабрь айында экөөбүз турнирдин башкы беттешинде мыкты беттеш көрсөтөбүз деп ишенем. Мен сага чыныгы бокстун классикасын көрсөтөм. Мен сени ушул жерде күтүп жатам!", - деди Абдырахманов.
Самат Абдырахманов "Hardcore FC" экинчи сезонунун чемпиону.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.