Кытай окумуштуулары коронавирусту адамдын бетинен аныктоочу акылдуу бет кап жасашты
Шанхайдагы Тонцзи университетинин окумуштуулары респиратордук вирустарды аныктагыч аппаратты ойлоп табышты, ал бет каптарга тагылат. Изилдөө материал таануу боюнча Matter журналында жарыяланган.
Өздөрүнүн билдирүүчү жабдыгын сыноо үчүн окумуштуулар аны атайын бөлмөнүн ичине илип коюп, COVID-19, чочко жана куш тумоосунун вирустук белоктору кошулган суунун тамчыларын абага чачыратышкан.
Билдирүүчү атайын аппарат патогендери бар - оору жугузуп алган адам жөтөлгөндө чыгарган тамчылардан дагы ондогон эсе майда суунун микролитринин үлүштөрүн дагы аныктай ала турганы далилденген.
"Аз иш калды. Окумуштуулар оору тууралуу белги жөнөтүлө турган телефонго жүктөлүүчү тиркемени түзүү калганын белгилешүүдө. Мындай белги берилген бет каптын ээси “жугуштуу компаниядан” убагында кетип кала алат", - деп айтылат маалыматта.
