super.kg logo

"Аны жакшы көрөм". Жо Байден баңгизатка берилген уулуна ишенерин айтты

 

АКШнын президенти Жо Байден уулу Хантер Байден менен сыймыктанарын айтты. Байдендин уулу курал сатып алууда баңгизатка көз карандылыгын жашырган деп айыпталууда.

CNN телеканалына берген маегинде америкалык лидер куралдын тарыхы тууралуу эч нерсе билбегенин, бирок уулуна толугу менен ишенерин билдирди.

Маалым болгондой, прокурорлор жана тергөөчүлөр Хантер Байденди айыптоо үчүн жетиштүү далилдер бар экенин айтышкан. Ал эми чечимди Делавэр штатынын прокурору Дэвид Вайс ноябрда Конгресске шайлоодон кийин кабыл алышы ыктымал.

"Мен уулума абдан ишенем. Мен аны жакшы көрөм, ал бир-эки жылдан бери туура жолдо баратат. Мен аны менен абдан сыймыктанам", - деди Байден.

"Хантер бир кезде баңгизатка берилип кеткен эле. Ал аны жеңип чыкты. Жаңы жашоо баштады", - деп кошумчалады президент.

Ал эми Хантер Байден өзү баңгиликтен толугу менен айыкканын билдирип келет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: