super.kg logo

Европанын бир нече өлкөсү Орусияга кайрылуу жасашты

 

Европанын 11 өлкөсүнүн президенттери Орусиядан Украинадагы жарандык объекттерге чабуулун токтотууну талап кылышты. Мындай маалымат Польшанын президентинин расмий сайтына жарыяланды.

Маалыматка ылайык, "Бухарест тогуздугуна" мүчө болгон Болгария, Чехия, Эстония, Венгрия, Латвия, Литва, Польша, Румыния жана Словакия, ошондой эле Түндүк Македония жана Черногория Орусиянын Украинага болгон массалык ракеталык чабуулдарын айыпташты. Биргелешкен билдирүүдө алар Москвадан жарандык объекттерге чабуулдарды токтотууну талап кылышты.

"Биз мамлекеттерибиздин атынан Орусиядан жарандык объектилерге кол салууларды токтотууну талап кылабыз. Биз бүгүнкү кылмыштарга күнөөлүүлөрдү жоопко тартуу аракетибизди токтотпойбуз", - деп айтылат документте.

Мамлекет башчылар кайрылуусунда ошондой эле Орусиянын өзөктүк курал колдонуу коркунучун кабыл алынгыс деп эсептей турганын баса белгилешти.

Эске салсак, 10-октябрда Украина бийлиги шаарлар массалык түрдө аткыланганын, жарандык жана маанилүү инфраструктураларга чабуул жасалганын билдирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: