super.kg logo
  Спорт  

Хабиб Нурмагомедов карьерасы боюнча суроолорго жооп берди

 

UFC уюмунун жеңил салмактагы мурдагы чемпиону Хабиб Нурмагомедов кайрадан октагонго кайтып келбейт. Бул тууралуу ал жергиликтүү басылмаларга берген маегинде билдирген.

Айтымында, мушкерге азыркыга чейин UFC'ге качан кайтып келери боюнча көп суроолор келет.

"Менин мурдагы салмагым боюнча беттеш болгондо эле мен жөнүндө сөз болот. Азыркыга чейин күйөрмандарым бул тууралуу көп суроолорду беришет. Мен буга түшүнүү менен карайм. Себеби мен карьерам өркүндөп турганда кеттим. Буга чейин көптөгөн мушкерлер карьерасын жыйыштырып, бирок көп акча төлөп берсе кайрадан кайтып келген учурлар болгон.

Менин үй-бүлөм менен болгон жеке себептерден улам бул чечимге келгем. Мени өзүн көп акчага баалаш үчүн кетти деп ойлогондор жаңылышат. Андай нерсе эч качан болбойт. Карьерамды жыйынтыктоо акыркы жана өзгөрүлгүс чечимим болгон", - деген 34 жаштагы экс-чемпион.

Эскерте кетсек, Нурмагомедов карьерасын 2 жыл мурун Жастин Гейжи менен болгон беттеште жеңишке ээ болгондон кийин жыйынтыктаган. Ал спорттук карьерасында 29 беттеш өткөрүп, баарында жеңүүчү болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: