super.kg logo

Кадамжайда милиция кызматкери пара менен кармалды (фото)

 
Баткен облустук прокуратурасы тарабынан Кадамжай РИИБинин улук ыйгарым укуктуу адамы (участковый) М.Б. кармалды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти.
Аталган милиция кызматкери арыздануучу жарандардан жол кырсык фактысын жашырып, оң чечим кабыл алуу менен жоопкерчиликке тартпоо үчүн мурда 40 миң сом пара катары акча алган.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 342-беренеси (пара алуу) менен кылмыш иши козголгон.
"Тергөө жана ыкчам-иликтөө аракеттеринин жыйынтыгында, М.Б. мурда пара катары алган 40 миң сомдун ичинен 22 миң сом акча каражатын арыздануучуга кайтарып жаткан учурда кармалып, Баткен РИИБинин убактылуу кармоочу жайына шектүү катары киргизилди.
Кармоо УКМКнын Баткен облустук башкармалыгынын жана Баткен ОИИБинин ИИКнын кызматкерлери менен биргеликте жүргүзүлдү", - деп билдиришти Башкы прокуратурадан.
Учурда тергөө амалдары улантылууда.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: