super.kg logo

"Мындай депутаттын кереги жок". Активисттер Малиевдин отставкасын талап кылышууда (видео)

 

Активисттер бир мандаттуу №34 Жети-Өгүз шайлоо округунан депутат Арсланбек Малиевдин отставкасын талап кылышууда. Социалдык тармактарда өздөрүн Тоң жана Жети-Өгүз райондорунун тургундары экенин айткан 30 чакты жарандын кайрылуусу тарады.

Алар анда Малиевдин парламентте көтөргөн маселелерине нааразычылыгын айтышат.

"Тууну, гербди алмаштыралы деп жатат, өспүрүмдөрдүн укугун тебелеп хиджабга асылып жатат. Биздин карындаштарыбыз мини юбка кийгенден көрө, узун көйнөк кийүүсүн каалайбыз. Ансыз деле мындан башка көйгөйлөр көп. Бизге мындай депутаттын кереги жок. Арсланбек Малиевдин кетишин талап кылабыз", - дешет алар.

Буга чейин бир катар актёр, блогер жана жарандык активисттердин Малиевдин мандатын тапшыруусун талап кылган видеосу тараган. Ошондой эле алар депутатты отставкага кетирүү боюнча коомчулуктан кол топтоп жаткандыгы маалым болгон.

Белгилей кетсек, Малиев буга чейин Жогорку Кеңеште окуучу кыздардын мектепке хиджаб кийип келүүсүнө тыюу салуу маселесин көтөрүп, бул мугалимдердин өтүнүчү экенин айткан.






Видео интернеттен алынды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: