Ала-Белде Mercedes-Benz менен Honda Stream унаалары сүзүшүп 7 адам каза болду



Ала-Бел ашуусунда катталган жол кырсыгы 7 адамдын өмүрүн алды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Жалал-Абад облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кырсык кечээ, 13-октябрь күнү саат 17:10 чамасында болгон. Анда Mercedes-Benz унаасы Бишкекти көздөй келе жатып, каршы тилкеде келе жаткан Honda Stream унаасын сүзгөн. Кырсыктын кесепетинен эки унаанын айдоочусу жана 4 адам окуя болгон жерден каза болуп, дагы бир адам Токтогул райондук ооруканасында өзүнө келбей көз жумган.
Учурда бул боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары жүрүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.