super.kg logo

Легендарлуу футболчу Диего Марадона колу менен гол киргизген топ аукционго коюлду

 

Аргентиналык легендарлуу футболчу Диего Марадона 1986-жылы Дүйнө чемпиондугунун чейрек финалында англиялыктардын дарбазасына колу менен гол киргизген топ аукционго коюлду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышат.

Маалыматта айтылгандай, аукцион Улуу Британияда өтөт. Топ тунистик экс-калыс Али бин Насерге таандык, ал оюнду башкарып, футбол тарыхындагы эң атактуу гандболду өткөрүп жиберген.

"Бул топ эл аралык футбол тарыхынын бир бөлүгү болуп саналат, азыр аны дүйнө менен бөлүшүүгө убакыт келди. Сатып алуучу бул топту башкаларга да көрсөтүүнүн жолун табат деп ишенем", - деген Али бин Насер.

Graham Budd Auctions аукцион үйүнүн маалыматына караганда, легендарлуу футболчунун тобу болжол менен 3 миллион долларга сатылат.

Ал эми Марадона дал ошол оюнда кийип жүргөн футболкасы май айында 9 миллион 300 миң долларга сатылган.

Эскерте кетсек, Марадона 2020-жылы 25-ноябрда жүрөгү токтоп 60 жашында каза болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: