super.kg logo
  Саясат  

Садыр Жапаров КМШ өлкөлөрүнүн башчыларынын жыйынына катышуу үчүн конгресс-борборго келди (фото)

 

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 14-октябрда Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигине мүчө-мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Астана шаарындагы конгресс-борборго келди. Бул тууралуу президенттик администрациядан билдиришти.

Иш-чарага катышуу үчүн келген КМШ мамлекеттеринин башчыларын конгресс борбордо Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев тосуп алды.

Учурашуу жана чогуу сүрөткө түшүү аземи аяктагандан кийин өлкө лидерлери тар курамдагы жолугушуу залына өтүштү.

Иш-чаранын алкагында Шериктештиктин ичинде өз ара аракеттенүүнүн актуалдуу маселелери талкууланып, КМШга мүчө өлкөлөрдүн ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү жана бекемдөө боюнча бир катар документтер каралып, кабыл алынат.

Жыйында 2023-жылы КМШга төрагалык кылууну Кыргыз Республикасына өткөрүп берүү жана мамлекет башчыларынын кеңешинин кезектеги отурумун Бишкек шаарында өткөрүү боюнча чечим кабыл алынышы күтүлүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: