Бишкекте 5 адам кышкы салаттан ууланды
"Бизге 5 адам ботулизм оорусу менен түштү”,- деп билдирди бүгүн, 6-декабрда Республикалык инфекциялык оорукананын башкы дарыгери Гүлжигит Аалиев.
Анын айтымында, бир үй-бүлөнүн 5 мүчөсү кышкыга даярдалган баклажан салатын жешкен. Андан соң өздөрүн жаман сезген жарандар ооруканага кайрылууга мажбур болушкан.
“Бирөөсү жеңил, төртөөсү оор абалда түшкөн. Азыр төртөөсүнүн ден соолугу жакшыра баштады. Бир оорулуу дагы да болсо оор абалда. Андыктан элден кышкы салаттарды сатып алууда, колдонууда жана жасоодо технологиясына көңүл бурушса, сак болушса”,- деп эскертти башкы дарыгер.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:51
2025-07-07

17:54
2025-07-07

Рейтинг:
0

