super.kg logo
  Саясат  

Путин Жапаров жана Рахмон менен болгон үч тараптуу жолугушуу кандай өткөнүн айтты

 
Орусиянын президенти Владимир Путин Астанадагы саммитте Садыр Жапаров жана Эмомали Рахмон менен болгон үч тараптуу жолугушуу кандай өткөнүн айтып, сүйлөшүү абдан пайдалуу болгонун билдирди.
"Жолугушуу конструктивдүү маанайда өттү. Албетте, кырдаал чыңалып турган учурда, бир пикирге келүү оңой эмес. Бирок биз биринчиден, кандай болгон күндө да чыр-чатакты кайра жандантууга жол бербөө тууралуу, экинчи абдан маанилүү нерсе - качкындардын кайтып барышы тууралуу тараптардын тиешелүү кадамдарды жасашы сүйлөшүлдү. Ошондой эле эки тарап бизге документтерди жана маселени чечүү боюнча пикирлерин жөнөтүшөт. Биз тараптардын сунушун баалоо менен гана чектелбей, колубузда болгон документтерди маселени чечүү жолдорун издеп колдонууга аракет кылабыз",- деди Путин.
Ошондой эле ал чек аралар боюнча маалыматтар мурдагы союздук республикаларга караганда Москвада көбүрөөк экендигин айтып, документтерди, карталарды бирге карап, чечүү жолдорун издей турганын белгиледи.
Эске салсак, бул жолугушуу 13-октябрда Астанада Азия өлкөлөрүнүн саммитинин алкагында өткөн. Аны Орусиянын лидери демилгелегени маалым болгон.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: