Ак-Талаада токойдон өрт чыкты
Нарын облусунун Ак-Талаа районуна караштуу Куртка айыл өкмөтүнө тиешелүү токойдун аймагында өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Алдын ала маалыматка ылайык, тилсиз жоо куураган карагайлардан тутанган. Өрттү өчүрүүгө ӨКМдан 10 куткаруучу, Токой чарбасынан 13 кызматкер жана айыл тургундарынан 15 адам тартылганы айтылат.
Мекеменин басма сөз кызматы кошумча маалымат берилерин билдирди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.