super.kg logo

Кемпир-Абад: Чогулгандар Ош облусунун башчысын сүйлөтпөй коюшту (видео)

 

Бүгүн, 15-октябрда Өзгөндө Кемпир-Абад суу сактагычынын Өзбекстанга берилишине каршы өтүп жаткан курултайда президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов алгачкылардан болуп сөз сурап, бийликтин чек араны тактоо аракеттери боюнча маалымат берди.

"Кемпир-Абад боюнча бардык облустардан келди деп ойлоп жатабыз. Ушул келген аксакалдар, мекенчил жигиттерибиз жөн учуруда деле, Кемпир-Абад маселеси болбогондо деле келип, Ош облусундагы, Өзгөндөгү көйгөйлөрдү көтөрүп чыкса болмок. Жаңы бийлик элге чек араларды тактайбыз деген убада берген. Ошонун негизинде бүгүнкү күндө Өзбекстан менен 1450 чакырым жерди тактап жатышат. Бул сүйлөшүүлөргө бир жылдан ашып калды. Буга чейин деле Кемпир-Абад болгон, суу басып жаткан. Эмнеге ошол мезгилде биз көтөргөн жокпуз? Азыр Өзбекстан менен тополоң болбосун деп тактап жатканда ушул маселени көтөрүп жатканыңыздарга таң калып жатам", - деди Жамалдинов.

Ушундан кийин чогулгандар аны сүйлөтпөй коюшту. Курултай Өзгөн районунун Кызыл-Октябрь айылында өтүүдө. Ага Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаров, Дастан Бекешев, ошондой эле Азимбек Бекназаров, Исмаил Исаков, Бектур Асанов, Жеңиш Молдокматов баштаган бир катар саясатчылар катышууда. Жергиликтүү жашоочулар Кемпир-Абад Өзбекстанга берилбесин деп талап кылышууда, ага 600дөй адам катышууда.






Өзгөн районунун Кызыл-Октябрь айылы, 15.10.22.

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
15.10.2022. 16:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Баары эл бузарлар чогулуптурда! Бекназаров, Асанов бүт Кудайдан жөө качкандар! Досуңдун ким экенин айтсаң сенин ким экениңди айтам дейт Пайгамбарыбыз Мухаммад С.А.В.
15.10.2022. 16:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Bekturbek, доорубочу тупой! Элбузары да, элге куйгондору да журот. Сага окшогон дакансалар да бар арасында, соз ташыган жетимдер........
15.10.2022. 18:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Күчүккө окшоп каякка жетелесе кете бергендер го, акылы менен иш кылса болот эле, эл адамы болгондон кийин татыктуу болушса...
15.10.2022. 23:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бектур Асанов эмнеге эмкиче камалып жок болбойтат?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: