super.kg logo

Ошто 8 жаштагы кызга сексуалдык ыдык көрсөтүүгө шектүү кармалды

 

Ош шаарында өспүрүм кызга сексуалдык ыдык көрсөтүүгө шектелип эркек киши кармалды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Ош шаардык милициясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Ага чейин социалдык тармактарда 8 жаштагы кызды зордуктады деген эркек кишинин сүрөтү тараган. Колдонуучулар аудио жазуу аркылуу эркек киши өспүрүм кызга көп кабаттуу үйлөрдүн биринин астында сексуалдык ыдык көрсөткөнүн билдиришкен.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгы кылмышка шектүүнүн кармалганын билдирип, тергөө иштери жүрүп жатканын кошумчалады.

"Окуя 13-октябрь күнү болжол менен саат 10:00 чамасында Черемушка кичи районундагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринин астында болгон", - деп билдиришти милициядан.

Бүгүнкү күндө "сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттери" беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, экспертизалар дайындалды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: