super.kg logo

Тажикстандан Кыргызстанга кирип жаткандардын унаасынан 2 миллион 750 миң доллар табылды (фото)

 

Баткенде Тажикстан аркылуу мыйзамсыз жол менен киргизилип жаткан 2 жарым миллион доллар өлчөмүндөгү акча каражатына бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 5-октябрда Баткен районунун Кара-Бак айылында туулган (аткезчиликке тиешеси бар адам катары белгилүү), Кыргыз жараны 1981-жылы туулган Т.А.М.нын башкаруусундагы Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү унаа токтотулган.

Унааны тинтүү учурунда жүк салгычынан желим баштыктарга таңгакталып жана скотч менен оролгон 6 брикет, Тажикстан Республикасынан контрабандалык жол менен кирген 2 миллион 750 миң доллар өлчөмүндөгү акча каражаты табылып алынган.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын алкагында, мыйзамсыз иш-аракеттерге тиешеси бар болушу мүмкүн болгон 4 Кыргыз жараны кармалып, Баткен облусунун Ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына камалды.

Топтолгон материалдардын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 231-беренесинин 4-бөлүмүндө (экономикалык контрабанда) боюнча каралган кылмыштын негизинде сотко чейинки өндүрүш иштери козголгон.

Учурда козголгон кылмыш ишинин алкагында тиешелүү тергөө жана ыкчам аракеттер көрүлүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
17.10.2022. 18:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Солдатардын продуктасына жумшагыла ушул акчаларды
17.10.2022. 19:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы экен,курал алып кайра өздөрүн аткыла.
17.10.2022. 22:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен эмне кылып жаттым эле? Унутуп калдым азыр эле кылып жаткан жумушумду.
18.10.2022. 01:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ассаляму алейкум Суперстанга кантип кирсе болот?
18.10.2022. 07:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Брикет эмне?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: