super.kg logo
  Саясат  

Эгерде жумушсуз калсаңыз, Соцфонд 3 ай бою материалдык жардам берип тура алат

 

Эгерде жаран жумушсуз калса, Соцфонд үч айга чейин 7 миң сомдон төлөп бере алат. Бул тууралуу бүгүн, 17-октябрдагы Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында Соцфонддун төрагасы Бахтияр Алиев билдирди.

Белгилүү болгондой, жарандын келечектеги чогулган пенсиясынын 2 пайызы 50 миң сомдон ашса, аны ипотекалык насыяга биринчи төлөм катары же насыяны жапканга алса болот.

“Мындан тышкары биз дагы бир элемент киргиздик. Эгерде жаран жумушсуз калса, анда үч айга чейин 7 миң сомдон төлөп бере алабыз. Ошондой эле ошол эле акчаны башка өлкөгө көчүп кетип жаткан учурда, онкологиялык оору менен ооруп калганда же жүрөгүнөн операция болгон учурларда ала алышат”, – деди Алиев.

Белгилей кетсек, пенсия үч бөлүктөн турат – базалык, социалдык камсыздоо жана топтомо бөлүгү. Жогоруда аталган ипотекага же ооруларга берилчү каражаттар дал ушул пенсиянын топтомо бөлүгүнөн берилет. 7 миң сом өлчөмү дагы Кыргызстандагы учурдагы жашоо минимумуна карата эсептелген.

2022-жылдын III кварталындагы орточо эсеп менен калктын адам башына алгандагы жашоо минимуму жалпы республика боюнча 7 242 сомду түзгөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: