Жалал-Абадда «Мекеним менин - Кыргызстан» аталыштагы жыйын өттү

Жалал-Абад ОИИБ кызматкерлеринин демилгеси менен «Мекеним менин - Кыргызстан» аталышындагы жыйын өттү. Бул тууралуу
Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматы бүгүн, 6-декабрда билдирди.
Автор: Темирбек Матаев
Аталган жыйынга
Жалал-Абад ОИИБинин башчысы, шаар мэриясынын кызматкерлери жана 20га жакын
мектеп директорлору катышты. Анда мектеп окуучуларынын арасындагы
кылмыштуулуктун алдын алуу, жаш өспүрүмдөрдүн өзүн-өзү өлтүрүүсүнө бөгөт коюу, балдардын
өз жанын кыюусуна алпарган окуялардын себебин аныктоо тууралуу талкуулар
болду.
Белгилей кетсек, “Мекеним
менин - Кыргызстан” аталыштагы жыйын Облустук ички иштер башкармалыгынын жыйындар залында өткөн.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:28
2025-07-04
10:40
2025-07-03
Рейтинг:
0

