"5өө кыздар". Бишкекте адам өлтүрүүгө шектелип 7 жаран кармалды




Бишкекте адам өлтүрүүгө шектүү катары 7 жаран кармалды. Бул тууралуу милициянын кайгуул кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 17-октябрь күнү болжол менен саат 02:15 чамасында милицияга "Жаран киши колдуу болуп өлдү" деген маалымат келип түшкөн. Айтылган даректен кайгуул кызматкерлери тарабынан азият түспөлүндөгү болжолдуу жашы 30-35 курактагы жаран жерде киши колдуу каза болгону аныкталган.
Кылмыш изи сууй электе шектүү катары 1990-туулган А.А., 1995-жылы туулган А.Д., 2002-жылы туулган О.А., 1974-жылы туулган А.Л., 1998-жылы туулган А.А. (кыздар) жана 1992-жылы туулган А.Н., 2000-жылы туулган С.У., (эркектер) жалпысынан 7 жаранды кармаган.
Учурда кылмыш бирдиктүү реестрге катталып, териштирүү иштери жүрүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:54
2025-06-27

10:13
2025-06-27

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.