super.kg logo
  Саясат  

Чыңгыз Айдарбеков: "Кеп Өзбекстанда эмес..."

 

Бүгүн, 19-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында эл өкүлү Чыңгыз Айдарбеков кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитация жана демаркация иштери, ошондой анын алкагында түзүлгөн келишимдин долбоорунун тегерегинде орун алган окуялар туурасында кайрылуу жасады.

"Бир тууган коңшу өлкө менен илгертен суу бөлүшүп келгенбиз. Анда талаш жок. Өзбекстандын президенти даанышман адам. Анан башкаруусу учурунда Өзбекстан көптөгөн жетишкендиктерге жетишти. Бирок кеп Өзбекстан боюнча эмес. Маселе ичибизде, мамлекетибизде. Сый урмат менен талкуу кылыш керек. Депутаттардын өзгөчө макамы бар", - деди ал.

Эске салсак, 10-октябрда УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев кыргыз-өзбек чек арасы боюнча келишимдин долбоорун Жогорку Кеңешке алып келген. Жыйын ачык өткөнү менен Ташиевдин өтүнүчү менен аудио, видео жаздырууларга тыюу салынган.

Келишимдин долбоорун Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети жабык караган. Жыйындан соң 6 депутат макул, 4 депутат каршы болгондугу маалым болгон.

Аталган комитеттин төрагасы Чыңгыз Айдарбеков өзү тиешелүү документтерди толук көрбөгөндүктөн каршы добуш бергенин айткан. Кийинчерээк комитеттин чечимине дагы кол койбой турганын билдирген эле.






Чыңгыз Айдарбеков: "Кеп Өзбекстанда эмес..."

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: