super.kg logo

Кадамжайда түн ичинде ата-баланы өлтүрүп кетишти. Окуянын чоо-жайы

 

Кадамжай районунун Марказ айыл аймагынын Көк-Талаа айылында белгисиз жарандар 2 тургунду атып кетти. Бул тууралуу Баткен ОИИБинен кабарлашты.

Маалым болгондой, окуя 18-октябрда саат 22.30 чамасында болгон.

Окуя Кадамжай РИИБинин маалыматтарды каттоо журналына катталган.

18-октябрда саат 22.00 чамаларында жабырлануучулар эс алып жаткан учурда алардын үйүнө белгисиз жарандар белгисиз куралдар менен кирип, 61 жаштагы жаранды көкүрөк жана бетине, анын 29 жаштагы уулун башына атып, 59 жаштагы аялдын башына балта менен урган. Мындан тышкары мал сарайын өрттөп, короодо токтоп турган Хонда-СРВ үлгүсүндөгү унаасын өрттөөгө аракет кылып, окуя болгон жерден изин суутуп качып кетишкен.

Ата-бала окуя болгон жерде каза болгон. Ал эми денесинен жаракат алган аял Кадамжай райондук ооруканасына жеткирилген.

Жогорудагы окуя Кадамжай РИИБнин Кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (адам өлтүрүү) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Каза болгон жарандарга тиешелүү экспертизалар дайындалып, атайын тергөө тобу түзүлүп иликтөө иштери жүрүп жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
19.10.2022. 12:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудайды унуткандар , ушундай мыкаачы адамдар эртеңки кунун ойлобойт бекен.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: