super.kg logo

Баткенде Тажикстандан "Ягуар" ичимдигин ташыган жаран кармалды (видео)

 

Баткенде Тажикстандан "Ягуар" ичимдигин алып келген жаран кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, УКМК Баткен облусунун аймагында мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүү фактысы боюнча ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүүнүн алкагында 18-октябрда Кыргызстандын аймагына Тажикстандан аткезчилик жол менен алып келинген 2160 бөтөлкө көлөмүндөгү “Ягуар” ичимдиги алкоголдук продукция аныкталган.

Көрүлгөн чаралар менен жогорудагы мыйзамсыз аракетке катышкан Кыргызстандын жараны К.А. бул алкоголдук продукцияны мыйзамсыз алып келүү фактысын тастыктаган, ошол эле учурда кылмышка шектүү дагы бир шериги жүк ташуучу унаада Тажикстанга качып кеткен.

Учурда бул факты боюнча процессуалдык документтер түзүлүп, тиешелүү ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.






Баткенде Тажикстандан «Ягуар» ичимдигин ташыган жаран кармалды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: