Балбак Түлөбаев: "Бишкектин кебетесин карагылачы кир, сасык"
Бишкек шаары 2000 автобусту кабыл алууга даяр эмес. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Балбак Түлөбаев айтты.
"Баарыбыз "Бишкекке 1500-2000 автобус алып келебиз" деп айтып жатабыз. Алып келе албайсыңар, Бишкекке 1500, 2000 автобус кирсе Бишкек шаары токтойт. Инфраструктура даяр эмес. Бир автобус 8 метрден 12 метрге чейин, аялдамага 5 автобус токтогондо бир светофордон бир светофорго чейин бардыгы токтойт. Ага даярдык көрүш керек да.
Шаардын кебетесин карагылачы айтпай эле коёюн дедим эле. Шаар кир, сасык. Иштейби же иштебейби шаар бийлиги", - деди Балбак Түлөбаев.
Балбак Түлөбаев: "Бишкектин кебетесин карагылачы кир, сасык"
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
Alixan-Nookat.2015

20.10.2022. 12:03
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
20 күн алдын барып Бишкектин кароосуз калганына ынандым мэрия жоктой сезилди, шаарда тазалык жок кир, таштанды, иретсиз жайгашкан соода кылгандар толтура айта берсе.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.