super.kg logo
  Саясат  

Талиева Баткендеги чек арага жакын мектептерди онлайн окутууга өткөрүп турууну сунуштады

 

Бүгүн, 20-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында эл өкүлү Камила Талиева Баткендеги чек арага жакын айылдардагы мектептерди убактылуу онлайн окутууга өткөрүп турууну сунуштады.

Ал Баткен облусундагы чек арага чектеш аймактардагы калк кооптонуу менен жашап жатканын жүйө келтирди.

Интернет айдыңында ар кандай видеолор тарап жатат. Ошондон улам ар бир минута кыжаалатчылык менен өтүүдө. Жергиликтүү элдин да суранычы болуп жатат. Аялдар, балдар коркуп жатат. Андыктан мектеп, бала бакчалардагы билим-тарбия иштерин убактылуу онлайн негизде жүргүзө туруу керек”, – деди Талиева.

Ошондой эле ал 16-17 сентябрдагы Тажикстандын куралдуу кол салуусунда эл өзү качканын айтып, анда мектептерде балдары калып, бири-бирин таппай калган учурлар болгонун кошумчалады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: