"Байге фонду 1 миллион сом". Көк бөрү боюнча өлкө чемпионаты Таласта өтөт

Жаштар жана чоңдор арасында көк бөрү боюнча өлкөнүн чемпионаты Таласта өтөт. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаменти билдирет.
Мелдеш 25-30-октябрь күндөрү Талас облусундагы Райкан Алканов атындагы ат майданында болот.
"Чемпионатка республиканын бардык аймактарынан жана Бишкек, Ош шаарынан барган командалар катышат", - деп айтылат маалыматта.
Мелдештин жалпы байге фонду 1 миллион сомду түзөт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.