Тажикстан Ирандан учкучсуз учактарды сатып алууну суранды
22ге жакын өлкө, анын ичинде коңшу Тажикстан Иранда жасалган аскерий учкучсуз учактарды сатып алууга расмий билдирмелерин тапшырды. Бул тууралуу ирандык генерал-майор Яхья Рахим Сафавиге таянуу менен чет элдик басылмалар жазышты.
"Ирандык учкучсуз учактарды сатып алууга азыркы талапкер өлкөлөр Армения, Тажикстан, Сербия, Алжир, Венесуэла жана башка өлкөлөр", - деген Сафави.
Ушул жылдын май айында ирандык IRNA маалымат агенттиги Тажикстанда ирандык Абабил-2 учкучсуз учуучу аппараттарын чыгаруучу ишкана ачылганын кабарлаган. Андан соң ачылышка Тажикстандын коргоо министри Шерали Мирзо жана Ирандын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын башчысы Мохаммад Бокири катышканы маалымдалган.
Бул боюнча тажик тарап расмий маалымат жарыялаган жок.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:55
2025-06-27

17:35
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
emirchik

21.10.2022. 10:45
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Соз Жок 100% Кыргызстанга колдонот Пволорду Кобойтуш керек Ирандын учкучсуз учактарын Украйинада Жалвелин Стингер деген Куралдар менен деле атып тушуруп жатат Ошол куралдарды алышыбыз керек тез арада!
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.