Володимир Зеленський Киев Крым көпүрөсүн жардырууга буйрук бербегенин айтты
Украинанын президенти Володимир Зеленський канадалык CTV каналына берген маегинде Киев Крым көпүрөсүндөгү жардырууга буйрук бербегенин айтты.
"Менин билишимче биз Крым көпүрөсүндөгү жардырууга буйрук берген эмеспиз", - деген Зеленський.
Крым көпүрөсүндөгү теракт 8-октябрда эртең менен болгон. Көпүрөнү жүк ташуучу унаа жардыргыч зат менен жардырып жиберген. Окуянын кесепетинен төрт адам каза болуп, эки унаанын аралыгы жарым-жартылай кулап түшкөн. Орусиянын Тергөө комитети терроризм беренеси боюнча кылмыш ишин козгоп, сегиз адам камакка алынган. Анын ичинен төрт киши Орусиянын, үч киши Армениянын жана бирөө Украинанын жараны болгон.
Жардыруу үчүн жоопкерчиликти эч ким алган жок. Орусиянын президенти Владимир Путин кол салууну Украинанын атайын кызматтары уюштурганын билдирди.




1 |