super.kg logo
  Спорт  

Борбор калаада дем алыш күнү эл аралык кайрымдуулук марафону өтөт

 

Бишкекте 23-октябрда M Bulak Kuz Demi эл аралык кайрымдуулук марафону өтөт. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Бүгүнкү күнгө чейин чоңдор арасында 3000ге жакын жана жаштар арасында 300 жөө күлүк катталды.

“Бишкек кайрымдуулук марафону быйылкы жылдын эң ири жана эң күтүлгөн спорттук иш-чарасы болуп саналат. Анткени мында 42,2 чакырым – марафондук аралык толук камтыган жалгыз жарыш. Бул аралыктан тышкары катышуучулар жарым марафонду – 21,1 чакырым, ошондой эле 10 чакырым жана 5 чакырым аралыктарды чуркай алышат. Ал эми балдар 300 метр, 500 метр жана 1000 метрге чуркашат”, - деп айтылат маалыматта.

Жарыштын маршруту Бишкек-Манас аэропорту унаа жолунун тилкесинде өтөт. Баштапкы жана аяктоочу жери Аска-Таш мемориалдык комплексинде.

Эскерте кетсек, жарыш 2016-жылдан бери жүрүп келет. Бул убакыттын ичинде ал бардык аймактардан, ошондой эле башка өлкөлөрдөн келген күлүктөрдүн сүйүктүү жарышына айланды. Жалпысынан иш-чарага 20 миңден ашуун адам катышкан.

Эл аралык марафондун максаты - калк арасында активдүү жашоо образын жайылтуу.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: