Хабиб Нурмагомедовдун жакын досу UFC 280 турнирине катышпай калды. Себеби?
Орусиялык мушкер Зубайра Тухугов ушул жекшемби күнү Абу-Даби шаарында өтө турган UFC 280 турниринен ашыкча салмагына байланыштуу четтетилди. Бул тууралуу чет элдик спорттук басылмалар жазып чыгышты.
31 жаштагы Зубайра Тухугов Абу-Дабиде өө турган турнирде бразилиялык Лукас Алмейда менен кез келмек. Бирок орусикуу процессин ийгиликтүү өткөрө албай калган.
Белгилей кетсек, Тухугов UFC уюмунун мурдагы чемпиону Хабиб Нурмагомедовдун жакын досу.
Хабиб Нурмагомедов UFC 280 турниринде бир нече мушкердин колдоп чыгуучусу (секундант) болот. Анын дагы бир жакын досу Ислам Махачев ушул эле турнирдин негизги беттешинде бразилиялык Чарльз Оливейра менен кез келет.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.