super.kg logo
  Саясат  

Садыр Жапаров дипломаттардын кесиптик майрамы менен куттуктады

 

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 24-октябрда өлкөнүн дипломат кызматкерлеринин кесиптик майрамы менен куттуктады.

Мамлекет башчысынын куттуктоосу:

"Урматтуу дипломатиялык кызматтын кызматкерлери жана ардагерлери!

Сиздерди кесиптик майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктайм. Кыргыз Республикасы ар дайым көз карандысыз, ырааттуу жана тең салмактуу тышкы саясатты карманып келген жана мындан ары да карманат.

Азыркы учурдагы татаал геосаясий кырдаал эл аралык жана тышкы экономикалык байланыштар тутумуна олуттуу таасирин тийгизүүдө.

Дүйнө мурда калыптанып калган тартипке коркунуч келе турган бир баш аламан процесске кирди. Эл аралык институттардын жана эл аралык укуктун ролунун алсыздануусунун белгилери ачык байкалууда, коопсуздукка жаңы коркунучтар жана чакырыктар пайда болууда.

Ушундай татаал шарттарда Кыргызстан бүткүл дүйнөлүк коомчулук сыяктуу эле дүйнөлүк аренада улуттук кызыкчылыктарды коргоого өз күч-аракетин багыттуу жумшап жатат. Ушуга байланыштуу негизги роль алдынкы катарда турган дипломатиялык кызмат органдарына – сиздерге жүктөлгөн.

Сиздердин аракетиңиздердин аркасында өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө, анын коопсуздугун, эгемендүүлүгүн жана аймактык бүтүндүгүн камсыз кылууга жагымдуу шарттар түзүлүүдө. Өлкөгө чет элдик инвестицияларды тартуу, соода-экономикалык кызматташтыктын географиясын кеңейтүү жана Кыргызстандын инвестициялык жагымдуулугун арттыруу багытындагы сиздер жүргүзүп жаткан экономикалык дипломатия өзгөчө мааниге ээ.

Улуттук кызыкчылыктарды татыктуу жактап, өлкөнүн эл аралык аброюн чыңдоого зор салым кошуп, Кыргызстандын эл аралык демилгелерин илгерилетип, чет өлкөлөрдөгү мекендештерибиздин укуктары менен кызыкчылыктары үчүн талыкпай эмгектенип келесиздер.
Мына ушундай эл аралык айдыңдагы Кыргызстандын кызыкчылыгын коргоого багытталган иш-аракеттериңиздер үчүн ыраазычылык билдирем!

Сиздер мындан ары дагы элибиздин бакубаттуулугу үчүн кесипкөйлүк, өз ишине берилүү менен талыкпай эмгектене бересиздер деп терең ишенем. Ошону менен бирге өздөрүнүн бай тажрыйбасы жана терең билимин жаш адистер менен бөлүшүп, нагыз дипломаттар муунунун улануусун камсыз кылып жаткан дипломатиялык кызматтын ардактуу ардагерлеринин эмгегин да жогору баалайбыз. Сиздерге дагы терең ыраазычылык.

Кыргызстандын дипломатия кызматынын бардык кызматкерлерине бекем ден соолук, кажыбас кайрат, иштерине албан-албан жетишкендиктерди каалайм!

Ата Мекенге ак кызмат кылуу жолундагы бардык кадамдарыңардын ишке ашуусуна тилектешмин", - деп жазылат куттуктоодо.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: