super.kg logo

Илон Маск Твиттердин кызматкерлеринин 75 пайызын жумуштан кетириши мүмкүн

 

Америкалык ишкер, Tesla жана SpaceX компанияларынын негиздөөчүсү Илон Маск Твиттерди сатып алуу келишими аяктаса, кызматкерлердин 75 пайызын кыскартууну пландоодо. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Маалыматта айтылгандай, учурда компанияда 7500 кызматкер иштейт. Эгер штатта кыскартуу болсо 2000 кызматкер гана калат.

"Компаниянын учурдагы жетекчилиги келерки жылдын аягына чейин айлык акыны 800 миллион долларга кыскартууну пландаган, башкача айтканда кызматкерлердин 25 пайызга жакыны кыскарышы мүмкүн. Мындан тышкары компания инфраструктураны, анын ичинде 200 миллиондон ашык колдонуучу үчүн социалдык тармакты камсыз кылган маалымат борборлорун кыскартууну пландаштырган.

Бул олуттуу кыскартуулардын себеби тактала элек. Ал эми компаниянын жетекчилиги бул пландарды четке кагууда.
Буга чейин Твиттерде иштеген маалымат таануучу Эдвин Чендин айтымында, кызматкерлердин санынын кыскарышы социалдык тармактын колдонуучуларын хакердик чабуулга кабылуу коркунучуна дуушар кылышы мүмкүн, ошондой эле адепсиз материалдардын ачык жарыяланышына алып келиши ыктымал", - деп жазылган маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: