Экоактивисттер 110 миллион доллар болгон сүрөткө картошка пюресин чачып жиберишти
Германияда экоактивисттер 110 миллион долларды чапчыган сүрөттүн бетине картошка пюресин чачып жиберишти. Бул тууралуу чет элдик басылмаларда жазылды.
Маалыматта айтылгандай, окуя Германиянын Потсдам шаарындагы Барберини музейинде болгон. Анда Клод Моненин баасы 110 миллион доллар болгон сүрөтүнө экоактивисттер картошка пюресин чачып жиберишкен.
"Искусство баалуубу же өмүрбү?" деген акциялар байма-бай өтүп турат. Алар коомчулуктун көңүлүн климаттык өзгөрүүлөргө буруп келишет.
"Адамдар ачкалыктан, сууктан каза болуп жатышат. Биз климаттык апаатта турабыз. А силер сүрөткө чачыраган томаттан же картошка пюресинен коркосуңар. Эгер биз күнүмдүк жашоо үчүн күрөшө турган болсок, бул сүрөт эч кандай мааниге ээ болбой калат", - деген активист.
Эскерте кетсек, буга чейин да Улуу Британияда экоактивисттер Винсент Ван Гогдун 86 миллион евро турган сүрөтүнө томат суюктугун чачып жиберишкен.
Германияда экоактивисттер 110 миллион доллар болгон сүрөткө картошка пюресин чачып жиберишти
